Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарында Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлдү.

№73 мектепте Нооруз майрамына карата иш-чара уюштурулуп,  Концерттик программа жана улуттук кийимдердин этно-дефилеси тартууланды.

№39 Бектурсун Алымов атындагы мектеп-гимназиясында “Сармерден” майрамдык кечеси болуп өттү. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөнүн көркүн  «Куу булак» ансамблинин коштоосунда кыргыз күүлөрү жаңырды.

Мындан тышкары, №142 мектепке чейинки билим берүү уюмунда «Нооруз – салам, жаз» деген темада кызыктуу  иш-чара өттү. Ошондой эле №17 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде Нооруз майрамына карата иш-чара уюштурулду.

Белгилей кетсек, иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.