Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусу менен транспорт маселелери боюнча координациялык кеңешме өттү.

Анда коомдук транспорттун ишинин сапатын жана жол-транспорттук инфра түзүмдү жакшыртуу маселелери каралды. Координациялык кеңештин мүчөлөрү: И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окумуштуу, профессор, илимдин докторлору болду. Андан тышкары аталган окуу жайдын студенттери да күбө болду.

Координациялык кеңештин мүчөлөрү алгач “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт” муниципалдык ишканасынын автобустар токтоочу жайында болуп, коомдук транспорттун ишин уюштуруу тартиби менен таанышты.

Андан соң шаар мэри Айбек Джунушалиев менен биргеликте борбор калаадагы «Бишкекавтобекети» муниципалдык ишканасында жайгашкан  Кырдаалдык борборго барышты.

Жаңыдан ишке кирген жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасынын жана транспорт видеодетекторлорунун мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле борбордун функционалдык жана техникалык базасы көрсөтүлдү.

Шаардын көчөлөрүнүн кесилиштерине орнотулган жол кыймылын башкаруучу автоматташтырылган системасынын иши онлайн режимде тааныштырылды. Анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Азыркы учурда пилоттук долбоордун негизинде 21 көчө кесилишке акылдуу жол чырактар орнотулган. Алар унаанын агымына жараша иштөө тартибин өзгөртүп, жол тыгынын көзөмөлгө алат.

Долбоор толук ишке ашса, борбордун 150дөн ашык эң көйгөйлүү көчө кесилиштерине акылдуу жол чырактар орнотула турганы айтылды.

Мэр Айбек Джунушалиев унаа тыгынын азайтуу үчүн комплекстүү жумуш жасалып жатканын билдирди.

Ошондой эле шаардагы унаа тыгыны көйгөйүн чечүү багытында координациялык кеңештин мүчөлөрү берген сунуштар, баяндамалар угулду. Бул багытта билим алып жаткан жогорку окуу жайдын студенттеринин жүргүзгөн изилдөөлөрү да тааныштырылды.

Белгилей кетсек, транспорт маселелери боюнча координациялык кеңеш шаар мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы астында түзүлгөн. Алар шаардын транспорт  тутумундагы көйгөйлөрдү изилдеп, илимий негизге таянган сунуштарды беришет. Шаар бийлиги алар берген тыянакка жараша чечим кабыл алат. Көйгөйдү чечүүдө мындай ыкма өтө зарыл экендигин мэр белгиледи.