Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев М.Ганди, М.Рыскулов, Ю.Фучик, Васильевский тракт, Д.Асанов, Заводская, Чимкентская, Республиканская, Жумабек, Харьковская көчөлөрүнүн тургундары  менен жолугушту.

Жыйынга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева, Биринчи май районунун акими Сарылбек уулу Улан жана ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун  жүрүшүндө тургундар бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү айтышты, тактап айтканда, көчөлөрдү оңдоо жана асфальттоо, Республиканская жана Победа көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакты сактоо, газдаштыруу,   жер амнистиясынын алкагында  кызыл китептерди чыгаруу, №41 мектептин жанына тротуар куруу, ошондой эле №26 автобустун каттамын узартуу маселеси көтөрүлдү.

Жыйындын жыйынтыгында мэр Айбек Джунушалиев шаар тургундары тарабынан айтылган бардык маселелерди көзөмөлгө алууну тапшырды.