2024-жылдын 28-мартынан тарта “Красный строитель”, “Ак-Тилек”, “Көлмө”, “Алтын-Бешик” жана “Салам-Алик” конуштарына таза суу берүү токтотулат. Ошондой эле өчүрүү аймагына төмөнкү көчөлөр кирет: Куренкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү , Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Ж. Гвардия бульвары, ЧЧК,  Саадаев көчөсү.

Саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилеринде суу болбойт.

Ичүүчү суу  «Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы  келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.