Бишкекте эл аралык адистештирилген көргөзмөлөр өтөт.

Ошентип, 2-4-апрелде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аренасында  “Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы– MedExpo 2024” 18-эл аралык адистештирилген көргөзмөсү өтөт.

Кошумчалай кетсек, 23-25-апрелде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана маданият академиясынын аренасында 21-эл аралык адистештирилген “Курулуш жана интерьер – KyrgyzBuild 2024” көргөзмөсү өтөт.

Белгилей кетсек, ага  дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 156дан ашык компания катышат: Беларусь, Италия, Иран, Испания, Польша, Пакистан, Россия, Түркия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея.

Маалымат: BiExpo көргөзмө компаниясы ар кандай темадагы эл аралык көргөзмөлөрдү жана форумдарды уюштурууга адистешкен.