Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында өз ишин активдүү алып барууда.

Кыргыз Республикасынын  "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, таштанды жана жалбырактарды өрттөөгө тыюу салынат. Эреже бузгандар айыпка жыгылат.  

Айыптын суммасы жеке жактар үчүн  7 500 сомго чейин, ал эми юридикалык жактар үчүн - 23 000 сомго чейин болот.

Мындан тышкары, шаардагы жашыл аймактарды сактоо боюнча рейдик иштер улантылууда.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабастан, айрым айдоочулар эскертүүлөргө көңүл бурбай, унааларын жашыл аймактарга токтотуп  кетишүүдө.

Белгилесек, М.Фрунзе жана Ж. Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан  Ж.Баласагын атындагы КУУнун башкы корпусунун айланасындагы жашыл аймакка унааларын токтоткон  айдоочуларга карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык протоколдор түзүлдү.

Муниципалдык инспекция шаардыктарга унааларын жашыл аймактарга токтотпоону  эскертет.

"Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, жашыл аймакка унаа токтоткон жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 000 сом өлчөмүндө айып салынат.