Бишкек шаарындагы №10 жалпы орто билим берүү мектебинин базасында райондук мектептердин тарбия иштери боюнча 30 орун басарына, соцпедагогдор жана психологдор үчүн « Балдар менен иштөө» деген темада окуу семинары өткөрүлдү.

«Тоскоолдуктарга туш болуу», «Тоскоолдуктарды жеңүү жолдору», «Өз сезимдерине саякат» деген темаларда мектепте кичи-тренингдер уюштурулду.

Тренингдердин жүрүшүндө позитивдүү маанайда болуунун ар кандай ыкмалары, балдардын өзүн-өзү сыйлоосун жогорулатуунун ыкмалары, начар окуган балдарга дифференциалдык мамиле кылуу, ата-энелер менен байланыш түзүү, талаш-тартыштарды уюштуруунун түрлөрү, балдардын өспүрүм курактагы көйгөйлөрү жана алардын ата-энелери, зомбулуктун түрлөрү, купуялуулукту сактоо эрежелери талкууланды.

Ошондой эле тренингдин катышуучулары көргөзмөнү, кабинеттерди көрүп, психологдун иши менен таанышты.

Эскерте кетсек, тренингдин максаты катышуучуларга кечки (смена) жалпы билим берүүчү мектеп жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле тажрыйба алмашуу болуп саналат.