Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 12-кичи районунда жайгашкан «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомуна жакын жердеги карьердин аймагына асфальт-бетон заводун орнотуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, бул завод майда таш-мастикалык асфальт-бетонду да чыгарат. Бул жаңы технология асфальт төшөөнүн иштөөсүн бир топ жакшыртат.

Маалым болгондой, борбордо жолдорду реконструкциялоо жана куруу боюнча ири долбоорлор пландалууда.

Административдик-аймактык реформанын алкагында муниципалитет кошулган аймактардын жолдорун дагы кароо керек.

Буга байланыштуу жаңы асфальт заводунун пайда болушу асфальт аралашмасын чыгаруунун ылдамдыгын жана сапатын бир топ жакшыртат.

Ошондой эле «Бишкекасфальтсервис» МИси тарабынан «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомуна жакын аймакка бир курулуш (асфальт-бетон заводу) көчүрүлүп жатат. Ошентип ал жерде эки асфальт-бетон заводу иштейт.

Жаңы асфальт заводунун өндүрүмдүүлүгү саатына 180-220 тонна болсо, эскиси 80-120 тоннаны түзөт.

Бул багыттагы бардык иштер борбордун жетекчисинин көзөмөлүндө.