Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү борбор шаардын жалпы билим берүү уюмдарындагы кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин (жаш адистердин) квалификациясын жогорулатуу максатында, “Кыргыз адабиятын окутуу методикасы: инновация жана салттуулук” аталышындагы окуу семинар өткөрдү.

Квалификацияны жогорулатуу семинарында кыргыз филология илимдеринин доктору жана педагогика илимдеринин кандидаты Култаева Үмүт Баймуратовна мастер-класс сабак өтүп, жаш адистерге адабий чыгармалар боюнча сабак өтүүнүн ыкмаларын үйрөттү.

Катышуучуларга “Кыргыз адабиятын окутуу методикасы: инновация жана салттуулук” аталышындагы усулдук китеп берилди. Семинарга 104 жаш адис катышты.

Окуу семинары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралындагы №1909-VII “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинини 2023-жылдын 18-январындагы №864-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.