Мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле «Тынч чогулуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алуу менен Биринчи май районунун акимиаты митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган.

Биринчи май райондук соту "Ала-Тоо" аянтында жана ага чектеш Эркиндик бульварында Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин,   Жогорку Кеңешинин имаратынын жана ага жанаша жайгашкан Панфилов парктын жанында, Т. Турсунбаева атындагы скверде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын,  Жогорку сотунун, Россия Федерациясынын элчилигинин имараттарынын жанында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүнү чектөө боюнча "Ала-Тоо"аянтында өткөрүлүүчү мамлекеттик  расмий иш-чаралардан тышкары Биринчи май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды.

Бул чектөөлөр 2024-жылдын 1-апрелинен 30-июнуна  чейин күчүнө кирди жана күчүндө болот.

Эми бардык чогулуштар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүлөт.