Борбор калаада аба ырайынын жылышы менен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аялдамаларды жууп баштады.

Бүгүнкү күндө Октябрь районунун Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсүн бойлой Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин аялдамалар жууп-тазаланды.

Свердлов районунда Жибек-Жолу проспектисинде Абдрахманов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин аялдамалар жуулду.

Ошондой эле Биринчи май жана Ленин райондорунда Манас проспектисин бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Ормон хандын эстелигине чейин (Ажыбек баатыр көчөсү) жууп тазалоо иштери   жүргүзүлдү.