Бишкек шаарында билим берүү уюмдарынын мугалимдерин тааныштыруу, усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү максатында №71 мектеп-интернатында “Эл аралык изилдөө PISA-2025” аталышта семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага «Тарых», «Адам жана коом», «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметтеринен сабак берген 148 мугалим катышты.

Семинардын жүрүшүндө «PISA-2025.  Эл аралык изилдөөсүнүн максаттары жана милдеттери”, PISA-2025 үчүн тапшырмалардын түрлөрү каралды.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер да талкууланды:
- окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруунун өзгөчөлүктөрү;
- НЦКОИТ ачык тапшырмаларынын электрондук банкын колдонуу менен 5-9-класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана баалоо;
- PISA тапшырмаларынын өзгөчөлүктөрү, PISA тапшырмаларынын банкын түзүү.

Билим берүү семинарынын максаты - PISA маселелери боюнча мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу.

Белгилей кетсек, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы уюштурду.