Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы борбор калаада көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү улантууда.

Жол курулуштарын бузгандыгы үчүн бир нече курулуш компаниялары тартип бузгандардын тизмесине киргизилген.

«Нур Имарат Курулуш» ЖЧКсы кайрадан көрктөндүрүү эрежелерин бузган. Ахунбаев көчөсү,  222 дарегинде аталган курулуш ишканасынын оор жүк ташуучу унаасы жолдун бөлүүчү тилкесин бузуп, инспекторлор тарабынан "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин  177-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлдү. Айып пулдун көлөмү 17 000 сомду түзгөн.

Ушундай эле мыйзам бузуу "Чыгыш-5" кичи районунда да катталган. Асфальт-бетонду бузгандыгы үчүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгү менен «Улар» курулуш компаниясы жоопкерчилик тартат. 17 000 сом айып пул салынды.

Ошондой эле инспекторлор жолду бузуу боюнча «ДорСтрой Групп» ЖЧКсына протокол түзүшкөн. Курулуш компаниясына 17 миң сом айып салынган. Төшөлгөн таштарды калыбына келтирүү боюнча буйрук чыккан. Жолдун катмары компаниянын эсебинен калыбына келтирилет.

Байтик Баатыр көчөсү, 90 дарегинде жайгашкан тротуар «Легенд Девелопмент» ЖЧКсы тарабынан бузулуп, КР "Укук бузууларды жөнүндө" 177-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлгөн. Айып пулдун көлөмү 17 000 сомду түзгөн.

Жолду, көчөнү же башка жол курулуштарын бузгандыгы үчүн мыйзам бузгандар мыйзамдуу жоопкерчиликке тартыларын эскертебиз. Жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17000 сом айып салынат.