Борбор калаа муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри менен СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз баштаган Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун делегациясынын жолугушуусу болду.

Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь жана борбор калаанын мэринин орун басарлары да катышты.

Тараптар Бишкек шаары менен Кытай Эл Республикасынын СУАР шаарларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Борбор калаанын башчысы акыркы мезгилде Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жигердүү өз ара аракеттенүү жүрүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал Үрүмчү шаары менен өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү Бишкек шаары үчүн маанилүү жана артыкчылыктуу болуп саналарын, анткени алар 1992-жылдан бери курулгандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары мэр Айбек Джунушалиев Бишкек шаарында Ак-Кула ипподрому, «Спартак» стадионунун кичи аренасы жана Эмгек резервдери сыяктуу ири спорттук объектилерди куруу пландалып жатканын билдирди.

Өз кезегинде СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө сунушун айтты.

Ал ошондой эле негизги максат эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн алкагында жетише турган маанилүү келишимдерди уюштуруу экенин белгиледи.

Эркин Тунияз экономика, соода, туризм, гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүү керектигин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.