Ушуну менен Бишкек шаарынын мэриясы укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө кабарлайт.

1. Сунушталган жөнгө салууну чечүүгө багытталган көйгөйлөрдүн сыпаттамасы (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

1. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында экспресс - каттамдар жок экендиги анык. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде баштапкы пункттан акыркы пунктка чейин аралыкта токтоосуз жүргөн автобус
каттамы-экспресс каттамы деген түшүнүккө аныктама берилген.

Экспресс-каттамдар шаардын алыскы аймактарынын ортосунда, баштапкы аялдамадан акыркы аялдамага чейинки, аралыкта токтобостон тез транспорттук байланышты камсыз кылат. Коомдук транспорттун кыймылы үчүн бөлүнгөн тилкелердин, аялдамалардын минималдуу санынын аркасында, мындай каттамдар боюнча бара жаткан автобустардын жана чаканавтобустардын ылдамдыгын кескин жогорулатат жана натыйжада жүргүнчүлөр көздөгөн жерлерине тезирээк жете алышат.

Борбор калаанын жашоочуларына жана конокторуна шаар боюнча жана башка багыттарга коомдук транспорттун жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында экспресс-автобустук жана чаканавтобустук каттамдарды ачуу пландаштырылууда.

2. Азыркы учурда муниципалдык коомдук транспортто жүрүү үчүн стандарттуу күндүк, жумалык жана жылдык жол жүрүү карталары, ошондой эле студенттик транспорттук карталар жок, буга байланыштуу жумушчу топ тарабынан коомдук муниципалдык транспортто көрсөтүлгөн жол жүрүү билеттерин киргизүү жөнүндө маселе каралууда.

3. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 63 жашка толгон эркек 58 жашка толгон айым аскер пенсионерлерине, коомдук муниципалдык транспортто акысыз жүрүү укугу каралган эмес. Анын ордуна, Бишкек шаарынын мэриясынын дарегине аскер пенсионерлеринин, күч ведомстволорунун атынан аскер пенсионерлерин коомдук муниципалдык транспортто акысыз жүрүүгө укугу бар адамдардын категориясына киргизүү жөнүндө көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө.

Шаардык каттоосу бар жана Бишкек шаарында жашаган аскер пенсионерлерге жана укук коргоо органдарынын пенсионерлерине муниципалдык коомдук транспортто жеңилдетилген же акысыз жүрүүнү камсыз кылуу максатында жумушчу топ тарабынан көрсөтүлгөн адамдарды жеңилдетилген жүргүнчүлөрдүн категориясына киргизүү максатында эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө маселе каралууда.

         4. Жумушчу топ ошондой эле муниципалдык коомдук транспортто жана накталай эмес эсептешүү боюнча транзакциялардын санын көбөйтүү жолдорунда киргизилген дифференцияланган тарифтин максатка ылайыктуулугу маселесин карайт.

2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын баяндоо:

Транспорттук картанын түрлөрүн көбөйтүү, Экспресс каттамдар үчүн жаңы тарифтерди киргизүү, акысыз жүрүүгө укугу бар жарандардын категорияларынын санын өзгөртүү жана чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустарда жеңилдик менен жүрүүнүн иштөө убактысын өзгөртүү.

3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдаларын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болсо, тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Экспресс-каттамдарды киргизүү жүргүнчүлөрдүн коомдук транспорт менен жүрүү убактысын үнөмдөйт, жеке автомобилге коомдук транспортту артык көрүүнүн эсебинен автомобиль тыгындарынын деңгээлин төмөндөтөт.

Жалпысынан Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин транспорт чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун кабыл алуу калкты тейлөөнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле аскер пенсионерлерге жана укук коргоо органдарынын пенсионерлерине жагымдуу шарттарды түзөт.

4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерге баа берүү (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Терс кесепеттерге алып келбейт.

5. Сунушталган жөнгө салуунун адресаттарынын - ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү:

Азыркы учурда Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу 4 муниципалдык ишканасы, ошондой эле 21 жеке менчик ташуучу фирма ишке ашырып келет.

6. Сунушталган жөнгө салуунун аны киргизүү менен байланышкан кошумча чыгымдарын жана потенциалдуу адресаттарынын пайдасын болжолдуу баалоо:

Бул токтомдун долбоорун кабыл алуу менен ишкердик субъекттери эч кандай кошумча чыгымдарды тартпайт, тескерисинче ишкердик субъекттеринин кирешелери көбөйөт, ушуга байланыштуу Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу чөйрөсүндө ишкердик субъекттеринин пайдасы көбөйөт.

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:

Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин транспорт чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун кабыл алуу жергиликтүү бюджеттен 19 645 200 (он тогуз миллион алты жүз кырк беш миң эки жүз) сом суммасында кошумча финансылык чыгымдарга алып келет.


Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:

1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:

- аталган маселелер туурабы жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

- бул максатка жетүү үчүн маанилүү, негиздүү болобу;

- көйгөйлөрдү чечүүнүн сунушталган ыкмасы (жөнгө салуу) эң артыкчылыктуубу;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар болушу мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер болушу мүмкүн;

- көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативдүү натыйжалуу жолдору барбы;

- сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикир.

Маселелердин тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.

2. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалыматтар.


_____________________________________________________________

(тексттик сүрөттөө үчүн жер)


Байланыш жана талкуулоо мөөнөтүн билдирүү маалыматы:

1. Сунуштар кабыл алынат:


- электрондук почта аркылуу

e-mail:

dt@meria.kg

- почта дарегине

Бишкек ш., 7- апрел көчөсү, 4 а. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспортук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана төмөнкү телефон боюнча чалуу 

53-36-48

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

2024-жылдын 16-апрелине чейин

3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү

2024-жылдын 21-апрелине чейин