Бишкек шаарынын Свердлов районундагы "Барсхан" кафесинин жумушчулары бактарды бетондогон далилдүү видеосу социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан.

Окуя боюнча муниципалдык инспекциянын кызматкерлери Жибек-Жолу, 124/2 дарегине барып, экологиялык мыйзам бузуу фактысын тастыкташкан. Ошондой эле арыктан курулуш таштандылары табылган.

"Барсхан" кафесинин ээси - жеке ишкер К.М. Сга  карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү жана 179-берененин  2-бөлүгү  боюнча эки протокол түзүлгөн.

Бактардын тамырын  бетондоо жана курулуш таштандылары үчүн айып пулдун жалпы суммасы 40 000 сомду түздү.

Эки протокол түзүлгөндөн кийин кафенин ээлери бактарды бетондордон  "бошотуп", таштандыларды тазалай башташты.

Инспекторлор тарабынан мындай эреже бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, таштанды салуу үчүн атайын урналар орнотулганын эскертишти.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Сураныч, борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузбаңыз.  Мыйзам бузууларга муниципалдык инспекция тарабынан КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлүп, айып пул салынарын эскертебиз.