Бишкек шаарында кичи автобустарды каттамдан чыгаруу жолу менен борбор калаанын борбордук бөлүгүн бошотуу пландалууда.

Ахунбаев көчөсү - 7 - апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй проспектиси-Манас проспектиси менен чектелген алкактан кичи автобустар чыгарылат.

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүн кичи маршруттук каттамдардан бошотуунун биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинен тарта пландаштырылууда.

Ага ылайык, төмөнкү кичи маршруттук каттамдар чыгарылат: № 111, 118, 130, 134, 135, 136. Унаалардын жалпы саны 135.

Экинчи этап 10-майдан башталат. Анын алкагында 159 даана кичи маршруттук каттам  шаар сыртына чыгарылат. Алар төмөнкү каттамдар:  №138, 163, 192, 202, 207, 220.

Үчүнчү этап 1-июнда башталып, 589 даана пландык чыгуусу менен төмөнкү кичи маршруттук каттамдар калаа сыртына чыгат: № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275 жана “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын  №150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295-каттамдар.

Белгилей кетсек, жакынкы аралыкта Бишкек шаарында бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Кичи автобустардын айдоочулары муниципалдык автобустун айдоочусу болуп ишке орношсо болот. Бирок окуудан өтүү керек. Анын мөөнөтү иш стажына жараша аныкталат. Бүгүнкү күндө автобус айдоочусунун айлык акысы 98 миң сомго чейин жетет.

Маалымат үчүн: автобустардын сыйымдуулугу – 76 адам, маршруткалардыкы –  12-18 адам. Автобустардын сыйымдуулугу 4 эсе көп болууда.