2024-жылдын 4-апрелинде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү аймагы   Л. Толстой,   Бакаев, Алтымышев,  Жунусалиев,  Гагарин,  Муромская, Циалковского,  Т. Фрунзе,  Өмүр,  Алыкулов,  Ахунбаев,  Көк-Жайык, Гагарин,  Торугарт көчөлөрү, “Жумушчу шаарчасы”, “Айыл чарба институту”, “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо” конуштары (Ахунбаев көчөсүнөн түндүк жагы), “Теңир-Тоо” конушу (Ахунбаев көч.) менен чектешет.

Саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Эскерте кетсек, «Гагарин», «Юго-Западный» суу алгычтарындагы жана шаардык суу тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.