Бишкек шаарынын мэриясы эски Ак-Кула ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар жер тилкесин аукционго коет.

Тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды.

Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 731 917 000 (сегиз миллиард жети жүз отуз бир миллион тогуз жүз он жети миң) сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.

Электрондук аукционго катышуу үчүн катышуучу жарыяланган сатуунун баштапкы суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөшү керек.

Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20 пайызын түзөт.

Аукциондун жол-жобосу катышуучулар тарабынан баштапкы сатуу баасын “аукциондун кадамына” ылайык суммага ырааттуу жогорулатуу жолу менен жүргүзүлөт.