Бишкек шаарында “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Жибек-Жолу проспекти боюнча Осмонкул көчөсүнөн батыштан чыгышты карай Лермонтов көчөсүнө чейинки жолдун түштүк тарабындагы кемчиликтерди жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Осмонкул көчөсүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолу преспектисине чейин 2024-жылга карата жолдорду капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине киргизүү пландалууда.

Мындан тышкары, адистер “Бишкек Парк” соода борборунун маңдайындагы, Кулатов – Ж.Пудовкин, Л.Толстой – Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде, Ч.Валиханов көчөсү 1а/1 дарегинде, Ахунбаев-Токтоналиев, Орозбеков – ЧЧК, Байтик Баатыр - А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кемчиликтерди жоюп жатышат.

Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде ишкананын кызматкерлери жолдун деңгээлине темир торду көтөрүп, чуңкурду асфальт-бетон аралашмасы менен толтурду.

Ошондой эле, Сүйөркулов жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Орто-Сай базарынын жанындагы жолдун негизин темир-бетон менен бекемдеп оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча кошумча суроолор боюнча: 0755 419 841 (Whatsapp) телефонуна кайрылсаңыздар болот.