“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаада жол сызыктарын жаңылоону улантууда.

Иштер Ч.Айтматов проспектисин бойлой резиденциядан Жибек-Жолу проспектисине чейин башталды.

Бүгүнкү күндө “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында төмөнкү кесилиштерде үзүк-сызыктар жана түз сызыктарды жаңыланды:
- Фучик – Жибек-Жолу;
- Алыкулов - Дэн Сяопин;
- Дэн Сяопин - Кустанай.

Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн ишкананын адистери Гагарин жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн боегун жаңылоодо.

Төмөнкү кесилиштерде жол чийиндерин жаңылоо  аяктады:
- Орозбеков – Фрунзе;
- Раззаков – Абдымомунов;
- Орозбеков – Абдымомунов;
- Чүй - Т.Айтманов;
- Чүй – Орозбеков;
- Эркиндик – Чүй;
- Айни – Шота Руставели;
- Логвиненко - Чүй.

Ошондой эле «Ала-Тоо» аянтындагы жана эски аянттагы бардык жол чийиндери жаңыртылды.