Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине салым кошууга жана көчөт отургузууга катышууга чакырат.

«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөт отургузуу үчүн аянттарды даярдап, жарандарга отургузуу материалын тандоо боюнча бир нече сунуштарды беришет.

Жаз - жылуу жана мелүүн климаты бар аймактарда бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу үчүн эң жакшы мезгил.

Жазгы отургузуу бир катар артыкчылыктарга ээ экенин белгилей кетүү керек:
- кышка чейин бак-дарактардын жана бадалдардын тамыр жайып, жерге көнүшү үчүн жетиштүү убакыт бар;
- топурак жакшы жылытылган;
- көчөттөрдүн тоңуп калуу коркунучу жок;
- жер кыртышында ным жетиштүү.

Ишкананын агрономдору  КР Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы "Ботаникалык бакча" илимий-изилдөө институтунун адистери менен биргеликте Бишкек шаарын жашылдандыруу үчүн бак-дарактардын  түрү катары карагай, гледичия, эмен, клен, липа, терек сыяктуу жашыл көчөттөрдү отургузууну сунуштайт.  

Эскерте кетсек, жарандар көчөттөрдү өз алдынча, ошондой эле «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын Профессор Зима көч., 82 дарегиндеги питомниктен сатып ала алышат.

Көчөттөрдү кайсы жерге отургузууну 0312 37-53-30, 0701 321 014 номурларына чалып биле аласыз.