Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан 2024-жылдын 23-мартында жана 30-мартында мониторинг жүргүзүлүп, ишембиликке катышпаган министрликтер, ведомстволук уюмдар, билим берүү мекемелери жана башка субъектилер аныкталган.

Тизмеге шаардын аймагын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча иш-чарага катышпаган 184 объект киргизилген.

23-мартта аныкталган объектилер боюнча муниципалдык инспекция тарабынан КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлгөн.

30-марттагы тизмеге кирген  объектилер боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ушул эле тизмеге жарыяланган эки айлык мөөнөттү кайра этибарга албаган объектилер кирет.

Ишембиликке эки жолу катышпаган уюмдардын арасында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматы;
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
3. Эл аралык «Ала-Тоо» университети;
4. «Кыргызстан Эл аралык университети» окуу-илимий өндүрүш комплексинин Чыгыш кампусу;
5. «Народный» ЖЧКсы соода үйү;
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
7. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
9. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы;
10. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту;
11. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия;
12. Бишкек медициналык колледжи;
13. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
14. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн Бишкек шаары боюнча башкармалыгы;
15. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК;
16. Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгы;
17. № 124 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
18. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги;
19. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту;
20. "Түндүк" темир жол бажысы;
21. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Бишкек шаардык филиалы;
22. Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы;
23. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети (медицина факультети);
24. Академик Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук искусство академиясы;
25. Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту;
26. Азия өнүктүрүү банкы.

2024-жылдын 23-марты жана 30-мартындагы толук тизмени бул жерден көрүүгө болот:

Эскерте кетсек, борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында муниципалдык инспекция өзүнө бекитилген аймактардын экологиялык абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыздайт. Ишембиликтин катышуучулары тарабынан таштандыларды жана жалбырактарды өрттөөгө, тиричилик жана  өндүрүш  калдыктарын уруксатсыз таштоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Бардык суроолор боюнча: Ленин району: 0552 090 987; Свердлов району: 0500 210 470, Биринчи май району: 0551 551 745; Октябрь району: 0555 906 602 кайрылсаңыздар болот.