Бишкек шаарында жолдогу кемчиликтерди жоюу иштери уланууда.

Учурда Курманжан Датка көчөсүн бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин чуңкурларды оңдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле бригада Жибек-Жолу проспектисин бойлой Осмонкул көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин чуңкурларды даярдап жатат.

Мындан тышкары, адистер тарабынан Лев Толстой жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде чуңкурду жабуу иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө чейин төмөнкү даректер боюнча жол кемчиликтери жоюлган:
- Дэн Сяопин проспектиси боюнча Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
- Чүй проспектиси боюнча Фучик көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейин;
- Чүй проспектиси боюнча Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
- Ахунбаев көчөсү менен Малдыбаев көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин;
- Байтик-Баатыр көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнөн Масалиевге чейин;
- Абдрахманов көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Эркиндик бульвары боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
- Шабдан Баатыр көчөсү менен 7-апрель көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
- Жаш Гвардия бульвары боюнча Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Махатма Ганди көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Маевкага чейин;
- Жибек-Жолу проспектиси боюнча Т.Молдо көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
- Жибек-Жолу проспектиси боюнча Лермонтов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин;
- Абдымомунов көчөсү менен Эркиндик көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин.
- М.Горький көчөсү менен 7-апрель көчөсүнөн Фатьянов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы).
- Бишкек Парк соода борборунун жаны;
- Кулатов - Ж.Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Л.Толстой – Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде.;
- Ч.Валиханов дареги, 1а/1;
- ⁠Ахунбаев– Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- ⁠Орозбеков– ЧЧКнын кесилишинде;
- ⁠Байтик Баатыр - А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Токтогул - Манас көчөлөрүнүн кесилишинде темир торду көтөрүү менен;
- Ынтымак паркынын аймагында;
- Шопоков – Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде;
- ЦУМ соода борборунун каршысында;
- Сүйөркулов көчөсүндө Орто-Сай базарынын жанында.