Бишкектин айрым райондорунда 2024-жылдын 11-апрелинен тарта таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Ошентип, өчүрүү аймагына төмөнкүлөр кирет:

- Ала-Арча дарыясы - темир жол линиясы - Жибек Жолу пр. - Жаш Гвардия бульвары;
- Жаш Гвардия бульвары – темир жол линиясы –   Фрунзе - Манас пр.;
- Д. Сяопин пр. – Ала-Арча дарыясы –  Бөкөнбаев көч. -  Кулиев  көч.- Москва  көч.-Фучик көч. – Казаков көч.

Саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Белгилей кетсек,  Запад-2 суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.