Бишкек шаарындагы №40, 55, 59 мектептеринин окуучулары жана Р.Санатбаева атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын жана «Бир адам-бир көчөт» акциясынын алкагында ишембиликке катышты.

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев,билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов жана мектеп жетекчилери катышты.

70 көчөт отургузулуп, Муромский көчөсүндөгү сквердин аймагы тазаланды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти тарабынан мектеп жетекчилерине ыраазычылык каттары тапшырылды.

Көчөттөр отургузулгандан кийин спорттук мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөр медалдар менен сыйланышты.