Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында борбор калаанын бардык райондорунда массалык ишембилик өткөрүлүүдө.

Бүгүн, 2024-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Ататүрк паркынын аймагын тазалоого катышты.

Мындан тышкары министрликтер менен ведомстволордун, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, чарбалык субъекттердин кызматкерлери ишембиликке чыгышып, белгиленген аймактарды иретке келтиришти.

Ошондой эле, төрт райондук администрациянын, ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн, мекеме-уюмдардын кызматкерлери тарабынан бекитилген аймактар иретке келтирилди.

Жалпысынан ишембиликке 28 миң адам катышты.

Мындан тышкары, жарандар жана уюмдар тарабынан 1243 түп көчөт отургузулду.

Шаар боюнча муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын 80 атайын техникасы тартылды.

Ошентип, саат 15:00гө карата 300 тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Жыйноо иштери уланууда.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 2024-жылдын 11-мартынан 11-майына чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.