Борбор калаада тазалыкты жана тартипти сактоо демилгесинин алкагында Бишкек троллейбус башкармалыгы муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын таяныч мамыларын уруксатсыз жарыялардан тазалоодо.

Мамыларды таза кармоо – бул эстетикалык гана маселе эмес, шаардын жалпы көрүнүшүн жакшыртуу аракетинин бир бөлүгү.

Бирок дайыма тазалап, сырдап турганы менен мамыларда тынымсыз жаңы жарнамалар, жарыялар  пайда болууда.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранабыз.