Борбор калаада “Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын жашыл аймактарын сугаруу үчүн сууну магистралдык каналдарды бойлой бөлүштүрүү ишин баштады.

Таң эрте Бишкек шаарына Ала-Арча дарыясынан шаардын түштүк тарабындагы магистралдык каналды бойлой агылган арык суусу секундасына 750 литрди түзгөн.

Ишкананын кызматкерлери Тынчтык, Ч.Айтматов, Манас проспектилери жана Тыналиев көчөсүндөгү жашыл аянтчаларды  сугарууда.

Ошондой эле “Ынтымак-1” жана “Ынтымак-2” сейил бактарында, Ататүрк сейил багында жана Д. Асанова атындагы Жеңиш паркында сугат иштери улантылууда.

Шаарда сугат мезгилинин башталганына байланыштуу «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы чарбалык субъектилерди жана МАБтарды ишкананын суу бөлүмү менен сугат суу алуу үчүн келишим түзүүнү суранат.

Быйылкы жылы «Бишкекжашылкурулуш» МИ Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы менен 46 миллион 734 миң куб метр суу берүү боюнча келишим түзгөн.

Белгилей кетсек, өткөн жылы сугат суусун берүү боюнча келишим 43 миллион кубометрге түзүлгөн.

Маалымдама: «Бишкекжашылчарба» МИнын карамагында 90,2 чакырым магистралдык сугат каналдары, 400 чакырым ашык ирригациялык тармактар жана 80,6 чакырым коллектордук-дренаждык тармактар бар.