Жал кичи районунда жана Арча-Бешик конушунда диаметри 600 мм болгон магистралдык суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу 2024-жылдын 17-18-апрелинде муздак суунун убактылуу өчүрүлүшү күтүлөт.

Өчүрүү 17-апрелге саат 08:00гө белгиленген.

Бул иштердин алкагында суу түтүгүнүн 11 участогунда бураматээктер алмаштырылат.

Бул капиталдык оңдоонун максаты келечекте жашоочуларды жана ишканаларды натыйжалуу суу менен камсыздоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, калктын ыңгайлуулугу үчүн эл көп чогулган жайларга убактылуу таза суу жеткирүү жана биодааратканаларды орнотуу иштери жүргүзүлөт.

“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды суу камдап алууларын өтүнөт.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Биодааратканалар жана ичүүчү суу менен камсыздоо пункттарын орнотуу жерлери жөнүндө маалымат  төмөнкү шилтемеде: https://yandex.ru/maps/?um=constructor%3A72cd53a4993ae6bebf7cd9d792a78c7b62dfc23f16bc6ef41257d62c50e278eb&source=constructorLink.