Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Биринчи май районунда рестораторлор менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  үй-бүлөлүк салтанаттарында жана эскерүү ырым-жырымдарында ашыкча ысырапкорчулукту алдын алуу белгиленди.

Кошумчалай кетсек, жергиликтүү мечиттердеги жума намазда ашыкча ысырапкорчулукка бөгөт коюунун маанилүүлүгү жана анын элдин жыргалчылыгына тийгизген терс таасири талкууланууда.

Рейддик иш-чаралар райондук дин башкармалыгынын, РИИБнин жана МАБдын өкүлдөрүнүн катышуусунда муниципалдык администрациянын бекитилген графигине ылайык өткөрүлүүдө.

Коомдогу социалдык абалга терс таасирин тийгизүүчү түрдүү каада-салттарды, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөөнүн эффективдүү ыкмалары боюнча имамдар тарабынан көрсөтмө, сунуштар берилип жатат.