Бүгүн, 2024-жылдын 16-апрелинде борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин маалымат жыйыны өтүттү.

Борбор калаа башчысы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек арасын 107,0 га аянты менен Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы №225 «СССРдин 50 жылдыгы» шаардык парктардын жана эс алуу зоналарынын бирикмесинин кароо жана көрктөндүрүү үчүн пайдалануу «Парктын аймактарын кайтаруу жөнүндө» токтому бекитилгендиги тууралуу айтып берди.

Бүгүн, Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 60 токтомунун алкагында Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы  (Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясы) тарабынан мурда кабыл алынган, парктын чектеринде жайгашкан жеке жана юридикалык жактарга жер участокторун менчикке жана/же пайдаланууга берүүгө байланыштуу бардык 124 чечим (токтомдор) жокко чыгарылат.

Жогорудагы токтом республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтерди сактоо жана Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу максатында кабыл алынган. «Бишкекбашкыархитектура» МИнын архивдик маалыматы боюнча 198 объект бар, алардын так саны «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек Филиалы менен такталууда. Курулган аянт 43 га, жер тилкелери 2000-жылдын башынан 2010-жылга чейин берилген.

Ошентип, тиешелүү муниципалдык кызматтар төмөнкү чараларды көрүшөт:

- Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы №225 токтому менен бекитилген чек аралардагы сейил бактын    жер участокторун кайтарып алуу  жөнүндө;
- сейил бактын аймагында мыйзамсыз тургузулган кыймылсыз мүлк объектилерин бузууну жүргүзүү;
- күнөөлүү адамдардын эсебинен паркка келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- укуктук баа бер жана сейил бактын чектеринде жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган адамдарды   жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды белгиленген тартипте прокуратура органдарына жөнөтүү;
- Бишкек шаарынын бардык жашыл аймактарын (сейил бактарды, скверлерди, аллеяларды жана башка объектилерди) максаттуу пайдалануу жана көзөмөлдү күчөтүү максатында инвентаризациялоону жүргүзүү;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин паспортун даярдоо.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер ресурстары кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнө кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону, кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдү каттоону убактылуу токтотуу жана парктын чегинде жайгашкан кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди берүү тапшырмасы берилди.