Бишкек шаарында 2024-жылдын 21-апрелинде №4 балдар искусство мектебинин концерттик залында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун эмгек ардагерлеринин XXIII ачык көркөм чыгармачылык фестивалы-сынагынын экинчи тандоо туру болот.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
- вокалдык жана хордук музыка;
- жеке ырдоо;
- көркөм окуу;
- музыкалык аспаптарда ойноо.

Фестивалды Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы менен “Кызыл гвоздика” согуш жана эмгек ардагерлеринин коомдук бирикмеси уюштурууда.

Эскерте кетсек, сынактын биринчи туру 2024-жылдын 1-мартынан 20-мартына чейин ышкыбоздук чыгармачылык топтор арасында өткөн.

Белгилей кетсек, галла-концерт 2024-жылдын 7-майында К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясында өтөт.

«Кызыл гвоздика» XXIII ачык  фестивалына «Кызыл гвоздика»,  “Орус жаны”, «Прялица», “Радуга”, Бишкек “Ветераны”, Кара-Балта “Ветераны”, “Ак суунун ак элечек айымдары”, «Дуслык», «Сары-Өзөн айымдары», «Миӊ- Кыял» топтору катышуу ниетин билдирген.

«Кызыл гвоздика» фестивалында 1, 2, 3-орунду ээлеген сынактын жеңүүчүлөрү ар бир номинация боюнча акчалай сыйлыктар, байгелер, тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланат. Ошондой эле, фестивалга катышкан бардык катышуучуларга дипломдор тапшырылат.

«Кызыл гвоздика» фестиваль-сынагы 2000-жылдан бери ардагерлердин топтору жана жеке аткаруучулардын чыгармачылык активдүүлүгүн жандандыруу, согуш жылдарындагы музыкалык чыгармаларды кеңири жайылтуу, өсүп келе жаткан муунду аскердик-патриоттук жактан тарбиялоо, КМШ элдеринин ыр фольклорун өнүктүрүү, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин элесин сактоо, ошондой эле ардагерлердин көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.