Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы "Калыс-Ордо" конушунда заманбап бала бакчанын курулушун улантууда.

Учурда имараттын ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле имараттын  айланасын көрктөндүрүү жана кыш мезгилинде куюлган бетондорду  алуу иштери аткарылууда. Алуу иштеринен кийин калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, имараттын жалпы аянты 1 390 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер участогунун аянты — 0,68 га.

Бекитилген долбоор боюнча имаратта уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, ашкана, жууну бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, ошондой эле музыкалык жана гимнастикалык зал, кампа жана техникалык жайлар каралган.

Курулуш иштерин  "Арай" ЖЧК подряддык уюму жүргүзүудө.