Октябрь районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун алдында Бишкек шаарынын №26 мектебинде "Жоокер ыры" сынагынын тандоо этабы өттү.

Сынак 3 номинация боюнча өттү:
- Согуш жылдарындагы ырлар;
- Патриоттук ырлар;
- Көркөм окуу.

Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдары катышкан сынактын жыйынтыгы боюнча "Согуш жылдарынын ырлары" номинациясынын жеңүүчүлөрү:
1-орун - Бектембекова Айдинай (№3 жалпы билим берүү орто мектеби);
2-орун-Казакбаев Азиретэл (№88 жалпы билим берүү орто мектеби);
3-орун-Тутанбекова Акмарал (№62 мектеп гимназиясы).

"Патриоттук ырлар":
1-орун-Эселбеков Нурэл (№91 мектеп гимназиясы);
2 место - Сүйүнбеков Эламан (№9 мектеп гимназиясы);
3-орун-Замиров Азим (№73 жалпы орто мектеби).

"Көркөм окуу":
1-орун-Мукамбекова Айперигүл (№62 жалпы билим берүү орто мектеби);
2-орун-Толгаев Алишер (№91 мектеп гимназиясы) жана Кудайбергенов Айдар (№88 жалпы билим берүү орто мектеби);
3-орун-Абдымомунов Мырзакерим (№103 жалпы билим берүү орто мектеби).

Сынактын максаты музыкалык жана поэтикалык чыгармачылыктын мыкты үлгүлөрүн колдонуу менен окуучуларды патриоттуулукка  тарбиялоо болуп саналат.