2024-жылдын 17-апрели Биринчи май районунун акими Сарылбек уулу Улан административдик-аймактык реформанын алкагында "Пригородное" муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда ар кандай маселелер талкууланды. Тургундар өз ойлорун билдирип, суроолорду берип, районду өнүктүрүү боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

Калк менен тыгыз байланышта болуу көйгөйлөрдү жергиликтүү деңгээлде чечүүгө жана шаардыктардын муктаждыктары менен жакындан таанышууга түшүнүүгө мүмкүндүк берет!