2024-жылдын 16-17-апрелинде муниципалдык инспекция шаардык кызматтар менен биргеликте Юнусалиев көчөсүндө рейд уюштурушту. Ал жерде жашылдандыруу жана көрктөндүрүү пландалууда.

Текшерүү  Сухэ-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө көрктөндүрүү жана санитардык абалдын эрежелерин бузган бир катар фактылар аныкталды.

Алсак, «Бишкекжашылкурулуш» МИси  жол жээгиндеги аймакты көрктөндүрүү, куураган жана авариялык дарактарды кыркуу иштерин жүргүзүүсү, ирригациялык тармактарды таштандылардан жана калдыктардан тазалоосу зарыл.

Унаалардын жашыл зонага токтоп калуусуна жол бербөө үчүн «Бишкекасфальтсервис» МИси жолдун эки тарабындагы бордюрларды көтөрөт. Ошондой эле Юнусалиев көчөсүндөгү 5-кичи райондун 68-үйүнүн каршысындагы аялдамаларга аккан суу  үчүн торлор орнотулат.

Шаардык кызматтар жол жээгиндеги уруксатсыз жарнамаларды тазалоо иштерин жүргүзөт.

№9, 10, 11 муниципалдык аймактык башкармалыктарга катуу тиричилик калдыктарын белгисиз жайларга таштабоо, ошондой эле айлана-тегеректе тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча шаар тургундарына жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Юнусалиев көчөсүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери улантылат.