Биринчи май районунда №61 мектеп-лицейинин базасында жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында аскердик-патриоттук ырларды мыкты аткаруу боюнча “Жоокер ыры” кароо-сынагы болуп өттү.

Мелдеш үч номинация боюнча өттү:
- «Согуш жылдарындагы ырлар;
- "Патриоттук ырлар";
- «Көркөм окуу».

Сынакка жалпысынан 37 окуучу катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча «Согуш жылдарындагы ырлар» номинациясында жеңүүчүлөр:
1-орунга №24 гимназиянын окуучусу Дулдаев Авраам;
2-орунга №1 лицей-интернатынын окуучусу Канатбек уулу Талант;
3-орунга №75 лицейдин окуучусу Садыралиев Актан жана №83 орто мектептин окуучусу Анжелика Макешова ээ болушту.

«Патриоттук ырлар» номинациясында:
1-орунду №18 орто мектептин окуучусу Марат Алыбаев;
2-орунду №81 орто мектептин окуучусу Канатбек Алмазбек жана №70 мектеп-гимназиясы окуу-тарбия комплексинин окуучусу Момунжаева Каныкей;
3-орунга №19 мектептин окуучусу Чороев Элхан жана №86 мектептин окуучусу Карыбекова Айбийке ээ болушту.

«Көркөм окуу» номинациясы боюнча:
1-орунду №54 орто мектептин окуучусу Султашева Адеми;
2-орунду №28 лицейдин окуучусу Өмүрканова Алтынай;
3-орунга №69 мектеп гимназиясы окуу-тарбия комплексинин окуучусу Самыкожоева Айназик жана №86 орто мектептин окуучусу Мирлан кызы Нурсауле ээ болушту.

Белгилей кетсек, сынактын шаардык этабына 1-2-орундарды ээлеген райондук турдун жеңүүчүлөрү катышат.