Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Чолпонбаев Болот Чолпонбаевич 2024-жылдын 18-апрелинен тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Буга чейин ал ушул эле башкармалыктын  башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.