Райондук акимиаттарда укук бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиялар өз ишин улантууда.

Октябрь акимиатында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан түзүлгөн КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык 14 протокол каралган.

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренеси боюнча "Алинур Групп" ЖЧКсына, "Раян Билдинг" ЖЧКсына, У.Э. Мурзаевге, "Эмарк Групп" ЖЧКсына, "Атомтех" ЖЧКсына,  №7 гараж кооперативине, "Жаз Строй" ЖЧКсына жалпы 94 000 сомго айып салынды.

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин   1-бөлүгү менен "Биз биринчибиз" турак жай ээлеринин шериктештигине  17 000 сом айып салынды.

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин   2-бөлүгүнө ылайык, "Аманат Строй Инвест" ЖЧКсына карата 23 000 сомго жаза колдонуу тууралуу токтому чыкты.

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 179-беренеси боюнча А.И. Скоблев, А.И. Саадатбеков аттуу жарандарга  жалпы  6 000 миң сом айып пул салынган.

Салынган айып пулдун жалпы  суммасы 140 000 сомду түздү.