Бишкек шаарында 2024-жылдын 25-апрелинде Д.Киноситынын «Каркыранын канаты» аттуу байыркы жапон легендасынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлөт.

Иш-чара А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын 30 жылдыгына жана анын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Арсен Умуралиевдин 90 жылдыгына арналат.

Бишкек шаардык драма театры алгачкы театралдык сезонун 1993-жылы режиссер Владислав Пази койгон Д.Киноситанын “Каркыранын канаты” спектакли менен ачкан.

Бишкек шаардык театрында А.Умуралиевдин көркөм жетекчилиги астында «Керээз», «Андерсенди ойноо», «Асман басмасы», «Жайкы түндөгү түш», «Үч маал үч каалоо же бир нерсени каfлоо», «Өтө жөнөкөй тарых”, “Эсимде “Сфорцандо”, “Принцесса Турандот”, “Ажыдаар”, “Токой” жана башка көптөгөн спектаклдер жаралган.

Ошондой эле, мааракенин урматына борбор калаанын билим берүү мекемелеринде “Каркыранын канаты” спектакли көрсөтүлөт.