Октябрь акимиаты административдик-аймактык реформанын алкагында Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуу уюштурду.

Ага баш ийген жана аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Жерге мунапыс берүү, суу менен камсыздоо, транспорт маселелери, ошондой эле социалдык мүнөздөгү маселелерди талкууладык.

Белгилей кетсек, жыйындар Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде өткөрүлүүдө.