Биринчи май акимиатында балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Балдар арасындагы укук бузуулар, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү, балдарды үй-бүлө менен бириктирүү боюнча 17 материал  каралып, жеринде тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Комиссиянын курамына саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук коргоо, социалдык коргоо жана бейөкмөт уюмдардан эксперттер кирди.

Бул комиссиянын негизги милдети кылмыштуулукту алдын алуу жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү болуп саналат.