“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ахунбаев көчөсүн Достоевский көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин капиталдык оңдоону баштады.

Белгилей кетсек, бул участокто акыркы жолу 2008-жылы капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Унаа тыгынын болтурбоо үчүн жол этап менен жабылууда. Бүгүнкү күндө көчөнүн түштүк тарабы жабылып, андан кийин жолдун түндүк тарабын жабуу пландалууда.