Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти муниципалдык менчикти ижарага алуучуларга карыздарды жана айыптарды тез арада жабууну эскертет.

Болбосо, департамент  карызды өндүрүү боюнча чараларды көрүү үчүн сот жана укук коргоо органдарына кайрылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ижара келишимдерин жокко чыгарууга жана объектилерди демонтаж кылууга чейин бардык зарыл чараларды көрүүгө аргасыз.

Турак эмес жайлар боюнча. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруунун жана аларга чектелген мүлктүк укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун негизинде борбор калаанын мэриясы муниципалдык менчикти пайдаланууда ижара акысын төлөөдөн качкан ижарачыларды чыгаруу боюнча чараларды көрөт.

Белгилей кетсек, турак эмес  жайларды ижарага алуу келишиминин 6-пунктуна ылайык, эгерде ижарачы эки айдан ашык катары менен төлөмдү төлөбөсө, ижара акысын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин келишим  ижара берүүчүнүн өтүнүчү боюнча мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу токтотулууга жатат.

5 жана андан ашык жылга берилген жер участоктору боюнча. Ижара келишиминин өзгөчө шарттарында төлөм боюнча карызы толук жабылмайынча, ижарачы электр жарыгынан жана суудан өчүрүлө тургандыгы белгиленген. Мындан тышкары, ижара төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда, ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасынын 0,1% өлчөмүндө, бирок негизги карыздын суммасынын 25%дан ашпаган өлчөмүндө айып салынат.

Жеңил типтеги объектилер боюнча. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 «Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жобосуна ылайык демонтажга жатат:

- жайгаштырууга уруксат кагаздары талаптагыдай таризделбестен эксплуатацияланган учурда;

а) жаңы курулган учурда;

б) соттун чечими боюнча;

в) ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча:

- келишимдин шарттарын бузуу;

- 3 айдын ичинде ижара акысын төлөбөсө;

- архитектуралык жана шаар куруу ченемдерин сактабаса;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаардын жашоосун жана өнүгүшүн жөнгө салуучу чечимдерди кабыл алуу.

Урматтуу ижарачылар! Жогорудагы чараларды колдонууга жол бербөө максатында, департамент  бардык болгон карыздарды жабууну, ошондой эле биринчи квартал үчүн төлөөнү талап кылат. Көңүл бурбай калган жана төлөбөгөн учурда, карызы барлардын маалыматтарын (аты-жөнүн) көрсөтүү менен тизмелер жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

Кошумча суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча кайрылсаңыз болот. Телефон номерлери: 0312 97-91-95 (кошумча 4210, 4211, 4217,4215, 4216).