25-апрелде А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Арсен Умуралиевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Салтанаттуу иш-чарага ЖКнын, Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана борбор калаадагы театр жетекчилери катышышты.

Иш-чаранын алкагында А.Умуралиев БШДТда байыркы япон уламышы боюнча Д.Киноситанын "Каркыранын канаты"  спектакли коюлду.

Ошондой эле А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын артисттерин сыйлоо салтанаты болду.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык драма театры биринчи театр сезонун 1993-жылы Владислав Пазинин режиссерлугу менен коюлган "Каркыралар канаты"   спектакли менен ачкан.

А.Умуралиевдин көркөм жетекчилиги астында Бишкек шаардык театрында «Керээз», «Играем Андерсена», «Эстамп неба», «Сон в летнюю ночь», «Трижды три желания или умение загадывать», «Очень простая история», «Эсимде», «Сфорцандо», «Принцесса Турандот», «Дракон», «Лес» жана башка көптөгөн спектаклдер коюлган.

Мындан тышкары юбилейдин урматына борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарында "Каркыранын канаты" жана "Манасчы"спектаклдери көрсөтүлүүдө.