Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 146 жылдыгы белгиленип жатат.

Майрамдын урматына “Ынтымак” сейил багында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиевдин, “Российская газета” Борбордук азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашковдун катышуусунда  “Ы тамгасы” арт-объектисинин ачылышы болду.

Арт-объект QR -код менен жабдылып,  "Ынтымак" паркына келген коноктор Кыргызстан жөнүндө негизги маалыматтарды: географиялык маалыматты, өлкөнүн жана анын элинин кыскача тарыхын, орусча-кыргызча сөздүктү   ала алышат. Маалымат эки тилде: мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринде жарыяланат.

Маалымдама: белгилүү советтик лингвист К.К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө "Ы" тамгасы менен башталган 800дөн ашык сөздүн котормолору жана чечмелөөлөрү берилген.

Бишкекте "Ы тамгасы" арт-объектисин орнотуу идеясы "Россиялык гезитке" таандык, анын өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасында 2002-жылдын май айынан бери иштеп келет. Бишкек шаарынын мэриясы долбоорду колдоду. Монумент Екатеринбург шаарында "Дубровин" куюу үйүндө даярдалган. Арт-объекттин скульптору Республикадагы белгилүү сүрөтчү Адил Сейталиев.