Бишкек шаарында 26 - апрелинен 27-апрелине чейин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Бишкек шаарынын 146 жылдыгына карата аркан тартыш боюнча чемпионат болуп өттү.

Турнирге ар кандай клубдардын жана спорттук уюмдардын спортчулары катышты. Мелдешке жалпысынан 13 команда катышты.

Мелдеш КР аркан тартыш эрежелерине ылайык өткөрүлдү.

Эркектер арасындагы чемпионаттын жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:
1-орун - "Шумкар"командасы;
2-орун "Омега"командасы;
3-орун-ӨКМ командасы.

Аялдар арасында:
1-орун - "Шумкар"командасы;
2-орун- ВВ командасы;
3-орун-ИИМдин командасы.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча бардык жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль, дипломдор менен  сыйланышты.

Спорттук иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти  жана "Кыргыз Республикасынын Республикалык аркан тартыш федерациясы"коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.