Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги №100 буйругун аткарбагандыгы үчүн айрым курулуш объектилеринде курулуш иши  токтотулду.

- Буден көчөсү, 164 дарегиндеги  "Гарант Строй Инвест" ЖЧКсы;
- Кийизбаев көчөсү, 24 дарегиндеги "Эмаком” ЖЧКсы;
- Кара-Көл көчөсү, 1 дарегиндеги “О2 Development” ЖЧКсы;
- Ауезов көчөсү, 5/2 дарегиндеги "МакроГрупп" ЖЧКсы;
-Скрябин көчөсү, 45А дарегиндеги "Аманат Групп Инвест" ЖЧКсы;

Аталган курулуш компанияларына таандык обьектилерде курулуш иштери муниципалдык инспекция тарабынан берилген көрсөтмөнү аткарбагандыгы үчүн токтотулган.

Мындай чечим комиссиялык рейддин жүрүшүндө чыгарылган.  Белгилей кетсек, иши токтогон курулуш объектилери дөңгөлөк пункту толук орноткондон кийин гана иштей баштайт.

"Аманат Групп Инвест" ЖЧКсы атайын пунктарды орнотуу боюнча иштерин жүргүзүүдө.  

Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар улантылат.

Буга чейин борбор калаадагы курулуш компанияларына бир жумалык мөөнөткө курулуш техникаларынын дөңгөлөктөрүн жууп тазалоо жабдууларды жана пункттарды орнотуу боюнча инспекторлор тарабынан 61 жазма буйрук берилген. Дөңгөлөк пунктун ишке киргизүү мөөнөтү 29-апрелде аяктаган.

Белгилей кетсек, дөңгөлөктөрдү жуучу жабдууларды орнотуу курулуш обьектилерине кум, шагыл, топурак ташыган оор техникалар үчүн жасалат.

Курулуш компаниялары үчүн негизги талаптар: трансбойлор, жууп – тазалоо үчүн эстакадалар менен жабдылып, чыгуучу аянтына сөзсүз түрдө шагыл төшөө талап кылынат.