Свердлов акимчилигинде райондун акиминин орун басары Асел Садыкованын, РИИБдин башчысынын орун басары Марат Кудайяровдун,  жашы жете электердин иштери боюнча инспекция кызматкерлеринин, мектеп директорлорунун катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйында мектеп рэкетчилиги, массалык мушташ жана бейбаштык темасы талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жашы жете электердин иштери боюнча инспекция кызматкерлери райондун учурдагы абалы тууралуу маалымат беришти, андан кийин травматикалык көйгөйлөрдүн келип чыгуу себептери жана мамилелерди өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрү, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жоюу, өспүрүмдөрдү урматтоо жана ишеним, конфликтсиз баарлашуу, өзүнө болгон ишенимди көтөрүү жолдору талкууланды.

Ошондой эле социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу боюнча тарбиялык иштерди жана кошумча иш-чараларды күчөтүү сунушталды.

Маалымат: Коркутуп-үркүтүү – бул кимдир бирөө башка адамды коркутуу, капа кылуу жана депрессияга түшүрүү аркылуу, бир нерсе айтуу же жасоо үчүн бийликке ээ болуу.